Курс НБ на 15.10.2018 $69,1798 €80,0687

Ноокен районуна жаңы айыл чарба техникалары тапшырылды (фоторепортаж)

Аймак
28 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
399
Бүгүн, 28-декабрда Ноокен районунун 7 айыл аймактарына 5 даана Белорусия  өндүрүшүнөн чыгарылган жаңы айыл чарба техникалары тапшырылды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу – АРИС тарабынан “Мал чарбасы жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун алкагында Ноокен районундагы Шайдан, Ноокен, Сакалды, Арал, Момбеков, Бүргөндү жана Масы айыл аймактарынын жайыт комитеттеринин ишин жакшыртуу, жайыттарды туура жана максаттуу пайдалануу максатында Белорусия өндүрүшүнөн чыгарылган жаңы айыл чарба техникалары Ноокен районунун 7 айыл аймактарынын жайыт комитеттеринин адистерине салтанаттуу маанайда тапшырылды.
        Жаңы айыл чарба техникаларын Ноокен районунун айыл аймактарынын адистерине тапшыруу иш чарасына ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, АРИСтин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Сапар Токоев, Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев жана Ноокен районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдыманап Токтогулов жана айыл аймактарынын башчылары менен адистери катышты.
- 2018-жылдын февраль айына чейин Жалал-Абад облусунун район-шаарларына 56 даана жаңы айыл чарба техникалары тапшырылат. Айыл чарба багытында иштеп жаткан эски техникалар менен шаймандарды ырааттуулук менен жаңыларына алмаштыруу иштери ыргактуу жүрүп жатат. Бул багытта бизге жакындан колдоо көрсөтүп жаткан АРИСтин жетекчилигине облустубуздун жалпы элинин атынан терең ыраазычылыгымды билдиремин,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.
- Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык долбооруна” ылайык Ноокен районуна 8 даана жаңы айыл чарба техникалары келтирилип, бүгүн тапшырылып  жатат. Бул техникаларды сатып алууга  жалпысынан 34 млн. 830 миң сом каражат кеткен болсо, анын 19 млн. сому АРИСтин түздөн-түз колдоосу болду,- деди Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев.
       Жаңы айыл чарба техникаларынын ачкычтарын айыл аймактарынын адистерине ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев тапшырды. Жайыттарды жакшыртуу боюнча айыл аймактарынын адистери тарабынан жазылган долбоорлорго ылайык ар бир айыл аймагына өздөрү суранган айыл чарба техникалары келтирилди. Жаңы техникалардын келтирилиши менен жайыттарды туура жана максаттуу пайдаланууда алга карай жылыштар болоору анык.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.