Курс НБ на 15.10.2018 $69,1798 €80,0687

Ноокат шаарынын мэри Нурдинов Жоомарт Амадалиевич: "Шаарга чоң өзгөрүүлөрдү жасагым келет"

Аймак
26 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
780
   Мен Ноокат шаарына  мэр болуп, шаардык  21 депутаттын  20нын добушу менен шайландым. Азыр 39 жаштамын. Элим айткандай, иштесем ишке,  жесем ашка тойбой турган курактамын. Шаардын турмушун жакшы билем десем жаңылышпайм, анткени ушуга чеийн шаардык мекемелерде  жетекчилик кызматтарда иштедим. Ноокат шаарынын келечеги кең, анткени бүгүнкү күндө 4 кварталдан туруп, 8 улуттун  өкүлдөрүнөн турган 15 минден ашуун  калк ынтымактуу  жашайт. Канча кылымдарды карыткан элдин ынтымак, достугунан өткөн байлык жок эмеспи. Шаардын калкына “Ноокат муниципиалдык менчик департаменти, “Ноокат суу каналдары”, “Ноокат жарыктандыруу” муниципиалдык ишканалары, “Ноокат коммунальщик ” акционердик коому ишканалары кызмат  көрсөтүшүүдө. Алардын иштөө принциби да мезгил талабына жараша өзгөргөн, жаңырган  жана жакшыртылган.
   Шаардын аймагындагы 4 мектеп, 5 балдар бакчасы бар, алар бүгүнкү күндө балдарга татыктуу билим- тарбия беришүүдө. Мындан сырткары, шаар тургундарынын ар кандай маселелерин жамаат менен адилет жана калыс чечүүгө аракеттенген аксакалдар, аялдар жана жаштар кеңештери  жана башка коомдук уюмдар биз менен эриш-аркак иштешет. Алар шаардын ар тараптуу  жактан өнүгүшүнө өз салымдарын кошууда. Бизди кубандырган нерсе, шаар мэриясынын бюджети жылдан- жылга өсүп баратат. 2016 -жылга карата бюджет 50 3010 200 сомго бекитилсе, жылдын жыйынтыгы менен 53 432  800 сомго аткарылды, айырма 3 122 600  сомду түзүп, план 106,5 пайызга жетти. Буюрса, 2017-жылга  жергиликтүү бюджет  48 544 миң сомго бекитилсе, жылдын жыйынтыгы менен 53 418 200 сомго жетет деген ишеним чоң.
     Мурунку жылдары тагыраак айтканда,2013-жылы 34 миллиондун  айланасында болсо, 2017-жылы 53 млн. го чейин жогорулады. Албетте жергиликтүү бюджет канчалык чоң болсо, шаардын социалдык абалын,инфраструктурасын жакшыртууга  жеңил болот. Биз учурда шаардын инфраструктурасын жаңыртууга, өзгөртүүгө заман талабына  ылайыкташтырууга абдан көңүл буруп жатабыз. Шаардын аймагында мурдагы жылдары республикалык бюджеттен 4 көчө асфальтталса, жакынкы жылдары  ички жолдорун көпчүлүгү жергиликтүү бюдеттин эсебинен  асфальтталды, шаардын аймагынын 60-70 пайыз көчөлөр асфальтталган.
     Мен өзүм шаардын мэри болуп келгенге чейин муниципиалдык менчик департаментинин башчысы болуп иштеген мезгилде шаардын аймагына маршуруттук каттамдарды  жүргүзүүнү уюштурдук. Шаарга каттап иштеген кызматкерлерге, базарда соода кылган ишкерлерге, окуучуларга бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Шаардын аймагындагы жолдордун абалы оңдоо менен калктын аз камсыз болгон бөлүгүнө кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында шаар ичинде микроавтобустар менен атайын каттамдар ачылды. Негизи көчөлөрдөгү кызыл сызыкка чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар алынып, шаар иретке келтирилди. Мындан сырткары мыйзмасыз курулуштарды курууну алдын- алуу багытында бир топ жумуштар аткарылууда.
    Мен эртең менен саат 5те туруп, шаардын жолдорундагы, көчөлөрдөгү таштандыларды кантип тазалап, ташып баратканын көзөмөлдөп коюп, кемчиликтери болсо айтып –деп, баарына бир сыйра  саресеп салгандан  кийин 8.30 жумушка кабинетке келем.
     Ноокат шаарында  балдардын билим алуусу, жаш бөбөктөрдүн балдар бакчаларында татыктуу тарбия алуусу үчүн кыйла эле жакшы шарттар жаратылды. Өткөн жылы Крупская атындагы орто мектеби республикалык бюджеттен капиталдык ондоп- түзөөдөн өткөрүлсө, быйылкы жылы Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатыры түрткү берүүчү гранттын эсебинен жабылды. Жыл сайын мектептердин  жана балдар бакчаларынын утурумдук ремонттору жергиликтүү бюджеттен жүргүзүлүп,жаны окуу жылына карата даярдык боюнча райондук кароо- сынактарда шаардык мэрия алдынкы орундарды камсыз кылып келет. Азыркы мезгилде бардык билим берүү мекемелеринин отказандары ондоп- түзөтүүдөн өткөрүлдү, кышка карата көмүр менен камсыз болду.
   Ноокат шаары районубуздун  жүзү
    Ноокат шаары Ноокат районунун борбору болгондуктан, негизги базарлар шаарда жайгашып, райондун 276 минден ашуун калкы шаарга келип, ар кандай соода-сатык  жана башка социалдык маселелери менен байланышып турат. Акыркы 5-10 жыл аралыгындагы район калкынын жана автоунаалардын кескин көбөйүшүнүн натыйжасында шаарды иретке келтирүүдө, коомдук тартипти сактоодо, диний экстремизм жана терроризмди алдын- алуу иштерин жүргүзүүдө бир топ кыйынчылык жаралып, мындан сырткары  шаардын жол боюндагы мыйзамсыз соода кылган жарандарды жана авто унааларды тартипке келтирүүдө бир топ көйгөйлөр жаралды. Ошол көйгөйлөрдү  четинен  чечкенге аракеттенип жатабыз. Ошондуктан бүгүнкү күндө Ноокат шаарына шаардык милиция бөлүмчөсүн ачуу зарлдыгы келип чыккан. КРнын Ички иштер министрлиги менен макулдашып,  шаардык милиция бөлүмчөсү ачылды. Бириккен Улуттар Уюмунун  бангизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын  атайын  долбоорунун  негизинде Ноокат шаардык мэриясынын имаратынын  мансарды бүткөрүлдү. Имараттын биринчи кабатында шаардык милиция бөлүмчөсүнүн  милиция кызматкерлеринин иштөөсү  үчүн 7  бөлмө даярдалып, оргтехника жана эмеректер менен шаардык мэрия тарабынан  камсыздап жатабыз. Биз милицияга талаптагыдай шарттарды түзүп берсек,шаардын аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, милицияга элдин ишеними артып, кылмыштуулук азаят деген ойдомун.
      Муниципалдык менчик департаментинин артыкчылыгы
     Ноокат шаар мэриясынын алдында муниципиалдык менчик департаменти 2014-жылы уюштурулду. Ал уюшулуган мезгилден тартып, шаардын аймагындагы муниципалдык жерлерди  максаттуу пайдалануу,ижарага берүү,коомдук транспот каттамдарын жөнгө салуу ,парковкаларды туура уюштуруу, жергиликтүү бюджетти көбөйтүү боюнча алгылыктуу иштерди жүргүзүп жатат. Шаардын аймагында келишимдин негизинде автоунаалар токтоочу жайлар  иретке келтирилип, шаардын көчөлөрү,базарлар тартипке келтирилди. Көчөлөрдү асфальттоо,арыктарга латоктоду  жаткырылды. Бул ишкана шаардын бир чарчы метр жери болсо да, көзөмөлдү катуу жүргүзүп,ижарадан ,аукциондон түшкөн каражатты үнөмдөөгө аракеттенет.
         Суусуз шаардын турмушун элестетүү кыйын
    Таза  суу боюнча көптөгөн проблемалардын бар экенине карабастан, учурда шаар калкын  иче турган таза суу менен камсыздоо боюнча этап-этап менен иш жүргүзүлүүдө. Ноокат шаарынын аймагында «Ноокатсууканалдары» ишканасы калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында иш алып барат. «Ноокат суу каналдары » ишканасы жалпы шаардын аймагында 1427  кожолукту  таза суу  менен камсыз кылат. Шаардын аймагында 90 пайыз таза менен камсыз болгон. Ал эми азырынча жаш баладай телчигип  бутуна туруп келаткан жаңы кызматтар жөнүндө айтпасам болбойт. Ал “Ноокат жарыктандыруу  ” муниципалдык ишканасы жаныдан түзүлүп, шаардын аймагындагы  калкка кызмат көрсөтүүдө.
 Эмне сизди өкүндүрөт деп сурадыңыз. Ата-энемден өтө эрте ажыраганым, беш бир тууган  ата-эненин мээримине тойбой, эң кичүүбүз мектепте окуп  жатканда бу жарыкчылыктагы эң кымбат адамдарым менен кош айтышкам. Азыр мен жасаган иштеримди көрсө, урмат-сыйыбызга бөлөнсө  кандай жакшы болоор эле деген өкүнүч көкүрөгүмдөн кетпейт
          Шаарга чоң  желек орнотсом деген тилегим бар
 Шаардын жүзүн ажарлантып,жалпы облигине, көркүнө көрк кошо турган, жарандарыбызды шыктантып, мекенчил сезимин ойготууга түрткү берген  ыйык атрибуттарыбыздын бири Кыргызстандын  чоң желегин шаардын көрүнүктүү жерине тургузуп, желбиретсем деген  максатым бар. Учурда шаарыбыздын  төрт жылдык стратегияллык планын иштеп жатабыз.
Ноокат шаар мэриясы тарабынан турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдү колдоо,мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга материалдык колдоо көрсөтүү үчүн жыл сайын  923 500сом  жакын акча каражаты бөлүнүп, бул жарандар коргоого алынат. Ал эми жаштарыбызды мекенчил духта тарбиялоо максатында маданият жана спорт багытындагы иштер колго алынды. Акыркы эки  жылды шаардын аймагында  3 кичи футбол аянттары курулуп,шаардын жаштарына кызмат көрсөтүп жатат. Өткөн жылы Н.Исанов атындагы эс алуу багында  боордош түрк мамлекетинен алынып келинген атракциондор жана тренажорлор орнотулду.Шаардыктар каалаган маалында барып, балдары менен эс алышат. Н.Исанов атындагы  эс алуу багына кыргыздын руху менен духун боюна сиңирген  Манастын жоокери, Каныкей, Бакай жана улуу манасчы  Саякбай Каралаевдин эстеликтери тургузулду. Мектептерде тарых музей  кааналары уюштурулуп, кызыктуу экспонанттар менен толукталды.  

Ризван Исмаилова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.