Курс НБ на 02.06.2020 $73,5222 €82,1316

Ноокат районун айрым айылдарында арак сатууга тыюу салынууда

Аймак
22 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
574
Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө аксакалдардын өз ара чечими менен дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине айыл өкмөт башчысы Бакытбек Марипов билдирген. Мындай чечимге коомдук жайларда башаламандык уюштургандар, жол кырсыктары, мал уурулуктун көбөйүшүнөн улам жарандардын кайрылуусу себеп болгон. Чечимге каршы чыккандарга 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Саткан тарап эле эмес, алгандар дагы айыпка жыгылат. Ал каражаттар жардамга муктаж тараптарга жана бала бакчаларга жумшалат. Буга чейин да Алайда, Ноокаттын башка айылында, Ноокен жана Лейлекте эл ич ара  спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салып алышкан.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.