Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Нарындык окуучулар уюлдук телефон көтөрүүдөн баш тартышты

Аймак
13 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
351
Нарын шаарындагы №1 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептин окуучулары мектепке телефон көтөрүп келүүдөн баш тартышты. Мындай чечим ата-энелер менен Ыйман, адеп жана маданият жылына карата кабыл алынды.
Нарын шаардык мэриясынын кызматкери Айзат Мурзаканова билдиргендей, мындай кадам окуучулар тарабынан демилгеленген.
«Мамлекетибиздин эртеңки келечеги болгон жаштарыбыз билимдүү, адептүү, даанышман болсо коомубуздун өнүп-өсүшүнө салым кошот. Окуучулардын бул кадамы ийгиликтүү уланып, башка мектептерде да ишке ашса жакшы жыйынтык берет»,- деди А.Мурзакматова. Эми окуучулар сабак башталганга чейин телефондорун чогултуп коюп, мугалимге беришет. Көпчүлүк мектепке телефон көтөрүп келбей калышты. Мындай тартипке баш ийбеген окуучунун телефону биротоло алынып же айып пул салынат.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.