Курс НБ на 11.12.2019 $69,8500 €77,4252

Нарында жер титирөө катталды

Аймак
02 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
200
Нарын облусунда 2-апрелде таңкы саат 07:41де очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Мындай маалыматты Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту кабарлады. Маалыматка караганда,  жер титирөөнүн очогу Капкан-Таш тоо кыркаларынын түбүнөн орун алып, Өрүк-Там айылынан түндүк-батышты карай 20 чакырым, Жер-Көчкү айылынан түштүк тарапты көздөй 25 чакырым, Эмгекчил айылынан түндүк-чыгышты карай 35 жана Нарын шаарынан түндүк-чыгышты карай 42 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Алдын ала маалыматтарга караганда жабыр тарткандар катталган жок.
 Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.