Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

Нарында жаңы бала бакча ачылды

Аймак
02 - Сентябрь 2016
Админ
894

2016/2017-жаңы окуу жылын Нарын шаары жаңы бала бакча менен тосуп алды. Калаанын чыгыш тарабына долбоор негизинде 32 орундуу бала бакча курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди жана кызыл лентасы Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы белгиленген 31-август күнү кесилди.

-Биздин ушул РТС аймагында типтүү бала бакча болгон эмес. Алгач мерия Ага Хан фонду менен бирдикте бир менчик үйдү сатып алып, «Ак-Дил» бала бакчасы уюшулган. Бирок ал имарат жараксыз болуп калгандыктан улам, ар кайсы менчик үйлөрдү ижарага алып 145 бөбөктөрдү тарбиялап келдик. Анан өткөн жылы сатып алынган имараттын короосуна жаңы бакча куруу иши башталган. Эми бул жаңы бүткөн бакчабыздан 40 баланы тарбиялай баштайбыз. Алардын жыйырма беши 3 сааттык программа менен окутулат,-деп билдирди бакчанын жетекчиси Нургүл Асипбаева айым. Ал эми курулушту жүзөгө ашырган «Аргын-Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомунун деректири Кубанычбек Жарыкбашов негизи курулуш төрт айда салынгандыгын белгиледи.

-Курулуштун алгачкы бетон аралашмасын салуу жөрөлгөсү былтыркы жылдын 25-ноябрь күнү болгон. Бирок жумуш 20-апрелде башталды жана каражат толук берилгендиктен улам 20-августка карата куруп бүткөрдүк,-деди К.Жарыкбашов мырза.

Ачылыш салтанатка КРнын Унаа жана жол министри Замир Айдаров, Өкмөттүн облустагы өкүлү Аманбай Кайыпов, шаар мэри Рахат Адиев, Ага Хан фондунун Кыргызстандагы филиалынын жетекчиси Жалалуддин Шах, коомчулук өкүлдөрү катышышты.

-Бул имарат  кыргыз эли Эгемендик алгандан берки Нарын шаарынын тарыхында өздүк каражаттын биргелешкен каржылоосу менен курулган эң биринчи курулуш болуп калды. Ага Хан өнүктүрүү тармагы болсо бардык тармактарга жардам көрсөтүп келе жатат. Эми жакында Борбор Азия Университетинин ачылышы болот. Демек Нарын шаары буюрса илимдин жана маданияттын шаарына айланат,-деген облус жетекчиси бул бала бакчанын имараты ак жолтой болсун деген тилегин билдирди. Ал эми шаар мэри Р.Адиев курулушка жалпысы 7 млн. 896 миң сом жумшалса, анын 2 млн.466 миң сомун Ага Хан кору которуп бергендигин, калган каражат жергиликтүү бюджеттен каралгандыгын маалымдады. Ж.Шах мырза болсо каражат билим берүүнү өнүктүрүү үчүн Ага Хан корунун «Тажикстандын жана Кыргызстандын алыскы тоолуу аймактарындагы жергиликтүү коомчулуктун табыгый кырсыктарга болгон туруктуулугун жогорулатууга көмөктөшүү» же кыскача ДИПЕКО долбоору аркылуу берилгендигин белгилеп, жакынкы аралыкта бөбөктөр үчүн китептер топтомдорун беришерин билдирди.

Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Чолпон Өмүрбайкызы 1-сентябрга карата шаардагы 6 бала бакчага тарбияланууга 1978 бөбөк катталып, ал эми октябрь айында жетинчи бала бакча ачылып, ага 75 бөбөктөр кабыл алынаарын маалымдады.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу