Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

Нарында «Жаратылыш жан досум» аттуу сынак болуп өттү

Аймак
19 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
6288
Нарын районундагы Таш-Башат айылындагы Дүрбөлөң Мамбетов атындагы орто мектепте окуучулар арасында атайын сынак болуп өттү.
-Биз төрт жылдан бери бул сынакты өзүбүз эле өткөрүп келе жатканбыз. Мектепте «Жеткинчек» деген жаратылышты сүйүүчү окуучулардын атайын отряды бар. Быйыл кадырлуу токойчу агабыз Б.Өскөнбаев келип, алдыщкы окуучуларга өзү жана токойчулар демөөрчүлүк кылышып, акчалай сыйлык уюштуруп жаткандыгын билдиришти. Натыйжада 4-класстан жогорку бардык каалоочу окуучуларга бул сынакка катышууга мүмкүнчүлүк берилди. Натыйжада 120 окуучу жаратылышка байланыштуу ыр чыгаруу, дил баян жазуу жана сүрөт тартуу боюнча сынактарга катышышты. Алардын арасынан 24 окуучу ыр, 60 окуучу дил баян жазышса, калгандары сүрөт тартышты. Сүрөттөрдү бир нече окуучулар биригип иштешти. Жыйынтыгында алгачкы турдан жеңүүчүлөр деп табылган эмгектер сынактын экинчи турунда атайын калыстар тобунун курамына сунуш кылынууда,-деп билдирди.
         Ошентип окуучулар чыгармаларын калыстын сынына коюшту жана биринчи орунду ээлегендерге 300, экинчи орундарга 200, жакшы деп табылгандарга 100 сомдон сыйлык берилди. 
-Бул сынак мындай деңгээлде өтөт деп ойлогон эмеспиз. Окуучулар биздин дагы көздү ачышты. Балдардын чыгармачылыгын уккандан кийин чындыгында биз да уялдык,-деп пикирин айткан Нарын токой чарбасынын жетекчиси Улан Шерипов эки окуучуга Ардак Грамота, беш окуучуга атайын белектерин тапшырды.
-Эми буюрса жазында «Жеткинчек» отряды менен Кайыңды капчыгайына саякаттап, ал өзөндү тазалап чыгалы деп ойлонуп жатабыз. Экинчиден мен өз эсебимен жаратылыштын эң мыкты жаш сакчылары деп табылган алдыңкы окуучулардын лагерге барып келүүлөрүнө демөөрчүлүк кыламын,-деп шарданалады Б.Өскөнбаев. Ал эми сынакка катышкан Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Мурат Кожоканов бул демилге райондук алкакта жайылтылаарын белгилеп, атайын жобо иштелип чыгарыларын билдирди.
 
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.