Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Нарында унаа уурдалды, айдай качкан кармалды

Аймак
17 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
438
Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылынын тургуну 1972-ж.т. С.К. аттуу жаран учурда тутулуп турган кербезде күн кечирүүдө. Кырк жаштын кырынан өтүп, кырчындуу өмүр сүрүп жаткан бул пенде 13-октябрь түнүндө оңой олжого туйтунгусу келген экен. Көрсө 2016-жылдын 12-октябрынан 13-октябрына караган түнү саат 01.00 чамасында Нарын ШИИБнүн нөөмөт бөлүмчөсүнө, Нарын шаарынын тургуну 1993-ж.т. А.Н. “өзүмө тиешелүү Ауди А6 үлгүсүндөгү автоунаамды айдап келип, Жаңы-Жол аймагында жайгашкан “Кийизбай-Ата” дүкөнүнүн алдына токтотуп коюп, дүкөнгө кирип кайра чыксам, белгисиз адам автоунаамды айдап, Жаңы-Жол көчөсүнөн түндүк тарапты көздөй качып кетти”,- деп билдирген.
   Аталган учур боюнча окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, “Перехват” операциясы киргизилип, Нарын ШИИБнүн кайгуул кароол шериктеш (патрулдук) милиция кызматкерлери тарабынан издөө жүргүзүлгөн учурда  аталган автоунаа Жаңы-Жол аймагындагы көпүрөдө жолдун жээгиндеги бардюрду сүзүп токтоп, автоунааны таштап кеткен абалда табылган жана ыкчам оперативдик иликтөө иштеринин жүрүшүндө Нарын шаарынын “Арал” аймагынан жогорудагы С.К. кылмышка шектүү катары кармалып, өздүк жанын тинтүү учурунда анын жанынан Ауди А6 автоунаасынын ачкычы табылгандыгын Нарын ОИИБнын басма-сөз кызматы маалымдады.
Күмөндөр Усуптегин, Нарын облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.