Курс НБ на 15.07.2020 $77,6206 €88,7747

Нарында «Туризмди өнүктүрүүнүн жолдору жана анын келечеги» аттуу тегерек стол өттү

Аймак
07 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
746

Бүгүн, 2016-жылдын 7-октябрында, Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйындар залында «Нарын облусунда туризмди өнүктүрүүнүн жолдору жана анын келечеги» аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

Маалымат берүү жана талкуу жүргүзүүгө Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Кыргыз  Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин  алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов, Германия кызматташтыгы коомунун (GIZ) программасынын облустук  координатору  Азамат  Мукашев, райондук мамлекеттик администрациялардын орун басарлары, туристтик маалымат борборунун жетекчиси Талант Ниязбеков, КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Нарын облусу боюнча координатору Садыркул Нурманбетов, маданият тармагынын кызматкерлери, туризм тармагындагы ишкерлер катышты.

Маекти ачууда ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Жаркын Ибраева туризм тармагы экономиканын өнүгүүсүнө приоритеттүү багыттарынын бири экенин баса белгилеп, облуста акыркы жылдагы көрсөткүчтөргө токтолду. Жетекчинин маалыматында 2014-жылы 7 миңден ашык турист келип, 8 млн сомдун тегерегинде каражат түшкөн. Ал эми 2015-жылы 28 миң 307 турист келип, эки эсе пайда алып келген. Бүгүнкү күндө 62 туристтик фирмалар каттоодо турса, активдүү иш алып баргандар 9.

Кыргыз  Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин  алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов куттуктоосун айтып, республиканын аймагында туризм жаатында аткарылып жаткан иштер боюнча жалпы маалымат берди.

Тегерек столдун жүрүшүндө бир катар темада маалыматтар айтылды. Атап айтканда,

- Аймактардагы туризмдин өнүгүүсү – фестиваль туризми;

- Кочкор районунда туризм тармагынын өнүгүшү жөнүндө;

- Нарын районунда туризм тармагын өнүктүрүү;

- «Ат-Башы алтын чөйчөгүм, арттырган турист мүдөөсүн»;

- Соң-Көлдөгү туризмди өнүктүрүү;

- Туризм чөйрөсүн өнүктүрүү;

- Нарын шаарындагы туризм;

- Тарыхый-маданият эстеликтердин туризмди өркүндөтүүдөгү ролу

- «Нарын облусунда туризмди өнүктүрүүнүн жолдору жана анын келечеги»

 Андан соң катышуучулар тарабынан суроо-жооп иретинде улантылган тегерек стол туризм тармагын өөрчүтүү, тейлөө маданиятын, меймандарды тосуудагы шарттарды жакшыртуу боюнча пикирлер, сунуштар айтылды. Жыйынтыгында Туризм департаментинин директору А.Жаманкулов айтылган сунуштардын негизинде облустун туризм тармагын өнүктүрүү боюнча иш план иштелип чыгаарын билдирди.

 Айнура Дүйшөк кызы, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.