Курс НБ на 21.02.2018 $68,1121 €83,8835

Нарында өткөн жылы 249 адам эмдөөдөн баш тарткан

Аймак
01 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
46
Нарын облусунда өткөн жылы 249 адам эмдөөдөн баш тарткан. Бул тууралуу райондук сапэпидкөзөмөлдөө борборунун бөлүм башчысы Гүлай Дулатова билдирди.
Анын айтымында, Нарын облусунда балдардын, өспүрүмдөрдүн, чоң адамдардын арасында жугуштуу кызамык, кызылча, көк жөтөл ооруларына каршы эмдөө иштери жүргүзүлүп келет.
«Ар кандай себептер менен 249 адам жугуштуу ооруларга каршы эмдөөдөн баш тарткан. Райондор боюнча алганда Ак-Талаада – 25, Ат-Башыда – 35, Жумгалда – 68, Кочкордо – 12, Нарын районунда – 19, Нарын шаарында – 90 адамды түзгөн. Биздин милдет эмдөөдөн өткөрүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Ал эми эмдөөдөн өтпөгөн адамдарга чара көрө албайбыз», - деди ал.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу