Курс НБ на 22.04.2018 $68,5875 €84,4655

Нарында театр кызматкерлери сыйланышты

Аймак
04 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
35
Нарын облустук академиялык М.Рыскулов атындагы музыкалык драма театрынын ишмерлерин сыйлоо аземи өтүп, искусствонун өнүгүшүнө салым кошкон бир катар кызматкерлер сыйланышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Ага катышкан өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева жана Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова куттуктоо сөздөрүн айтышып, чыгармачылык ийгиликтерди каалап, алдыңкы кызматкерлерге өкүлчүлүктүн жана Нарын шаарынын мэриясынын ардак грамоталарын тапшырды.
Ал эми Алтынбек Идирисов, Таалай Мырзаалиев «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин, артист Жаңылкан Айсаракунова «Бакен Кыдыкеева» атындагы сыйлыкты, Анара Жолдошова «Эргүү» сыйлыгын алса, Данияр Турдумамбетовго өкмөттүн ардак грамотасы тапшырылды.
Ошондой эле айрым кызматкерлерге профсоюздардын Нарын облустук комитетинин ардак грамотасы, мекеменин эсеп кызматкерлерине акчалай сыйлыктар берилди.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу