Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Нарында шайлоону Аманбай Кайыпов өзү баштап берди

Аймак
12 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
389
Биринчилерден болуп атуулдук милдетин аткарып Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын шаарындагы №4067 шайлоо участогунда добушун берди. Идентификациялоо системасынан өтүү менен шайлоо кабинасында белги коюп электрондук эсептөөчү урнага бюллетендерди таштады.
Нарын облусу боюнча 165 шайлоо участогунда добуш берүү жүрдү.  Анын ичинен 146 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңештин депутаттарына дагы шайлоо өткөрүлдү.
 Облуста жалпы шайлоочулардын саны 170 миң 294тү түзсө, жергиликтүү кеңештердин депутаттарына шайлоо өтүүчү айыл аймактарындагы жана шаардагы шайлоочулардын саны 157 миң 16ны түздү.
Айнура Дүйшөк кызы, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.