Курс НБ на 07.06.2020 $74,2343 €84,1186

Нарында шайлоо жараяны ача пикирлерди жаратты

Аймак
15 - Март 2017
www.erkintoo.kg
7206
14-март күнү Нарын шаарында «КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө» жана КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КРнын Мыйзам долбоорлорун, ошондой эле «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» КРнын Мыйзамын турмушка ашырууга көзөмөлдүк кылуу маселелерин талкуулоого арналган парламенттик угуу болуп өттү. Анда аталган биринчи Мыйзам долбоору боюнча демилгечи, ЖК депутаты Кенжебек Бокоев билдирүү берди.
            Өз сөзүндө Эл өкүлү учурда өлкө боюнча жаңы шайланган 411 жергиликтүү Кеңештердин аймактарынан 41 жерде же төрага же айыл аймактын айыл башчылары шайланбай, ал жерлерде саясый туңгуюк келип чыккандыгын белгиледи. Ошондуктан айыл өкмөт башчыларын түз эл тарабынан шайлоо керектигин, алардын иштөө мөөнөттөрүн 4 жылдан 5 жылга узартууну, ал эми шаардык бийлик жетекчилерин мурунку калбында калтыруу керектигин айтты.
            Катышуучулар мындай пикирге үч ача пикирлерин билдиришти. Бир катар чыгып сүйлөгөндөр айыл өкмөттү эл шайлап эл кызматтан алууларын жакташса, бир катарлары илгеркидей эле дайындоо керектигин белгилешти. Айрымдары эл атынан шайланган депутаттар эле шайлап, бирок иштей албагандарын аким кызматтан алуу сунушун келтиришти.
            -Биз эми алдыга карай илгерилейли да. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башкы бийлиги ошол жергиликтүү элде болот. Эгер биз 2001-жылдан бери элдин түз шайлоосун калтырганда эмдигиче эл кимди шайлоону өздөрү чечип калмак,-деп жооп кайтарды К.Бокоев мырза.
 
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.