Курс НБ на 18.10.2018 $69,3000 €80,1489

Нарында рейд учурунда мыйзамсыз мылтык алып жүргөн айдоочу кармалды

Аймак
02 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
163
Нарын ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери 29-31-январь күндөрү «Унаа издөө» («Авторозыск») аталышындагы рейд өткөрдү. Бул тууралуу аталган түзүмдүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, рейд учурунда тиешелүү документтери жок автоунаа оңдогон 6 адамга карата Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 213-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Транспорт каражаттарын пайдаланууга байланышкан ишкердикти жүргүзүү жана аны лицензиялоонун шарттарын жана эрежелерин бузуу) негизинде административдик протокол түзүлдү.
Жол эрежесин бузуу боюнча жалпы 268 протокол түзүлдү.
Мындан тышкары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Ауди С-4» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, анын ичинен 16-калибрдеги 1 сайсыз мылтык табылды. Шектүү Нарын ШИИБге өткөрүлүп берилди.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.