Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

Нарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу максатында «Келечекке кадам» долбоору ишин баштады

Аймак
28 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
656

2016-жылдын 27-сентябрында, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева Нарын шаарындагы «Кадам»  реабилитациялык борборундагы «Келечекке кадам» долбоорунун ачылышына катышты.

«Кадам»  реабилитациялык борборунун жетекчиси Шарапат Актанованын берген маалыматына ылайык, долбоор Финляндиянын “Абилис” фондунун колдоосунда “Нарын балдардын укугун коргоо боюнча ата-энелердин коомдук бирикмеси” тарабынан ишке ашырылып жатат. Анда 4 ата-эне жана мүмкүнчүлүгү чектелүү 6 кыз окутулуп, социалдык ишкердүүлүк кылуу менен жумушчу орундарды түзүү максатын көздөйт.

Реабилитациялык борбордун тарбиялануучулары сувенирлерди жана кийиз буюмдарды жасашат. Учурда жаңы алынган тигүүчү машиналардын жардамы менен шейшептерге буйрутма алынып жатат.

«Биздин коомдук уюмдун түзүлгөнүнө 14 жылдын жүзү болду. 33 долбоорубуздун 22си ишке ашты. Бул жылдар аралыгында тарбияланган балдардын ичинен 21 бала мектепте, кесиптик лицейде окушту, дагы 10 баланы мектепке даярдап жатабыз. Негизги максатыбыз мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго аралаштыруу»,-деп маалымдады Ш.Актанова.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраева аталган борбордун иши менен жакындан тааныш экенин айтып, алгылыктуу иштер менен катар көйгөйлөр дагы орун алганын баса белгиледи.
«Облуста жалпы 12 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген адам болсо, анын ичинен 3 миңи жаш балдар. Сиздердин борбордо жүзгө чукул бала катталган. Таланттуу дагы балдарыңыздар бар. Алардын шыгын арттырып, жасаган буюмдарын көпчүлүккө көрсөтүү үчүн көргөзмөлөрдү уюштуралы. Электр жарыгы жана жылытуу системасы боюнча дагы маселе чыгып жатат. Аны тийиштүү мекемелер менен отуруп чечүү жолдорун чогуу издейбиз»,- деди  өз сөзүндө жетекчи.

Айнура Дүйшөк кызы, Өкмөттүн нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.