Курс НБ на 19.12.2018 $69,8381 €79,6224

Нарында мамлекеттик туу күнү белгиленди (фото)

Аймак
03 - Март 2018
www.erkintoo.kg
252

Бүгүн, 2018-жылдын 3-мартында, Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туу күнү белгиленди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Семетей Черикбаев, Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Нурбек Молдокадыров, мекеме жетекчилер, студенттер, окуучулар жана шаар тургундары катышты.

Алгач Нарын шаарынын Ленин, Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен желек көтөргөн жөө жүрүш жана Ленин, Т.Мамбеталиев көчөлөрүнүн кесилишинен автоунаа менен башталган жүрүш борбордук аянтка келди.

Салтанатты Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Н.Молдокадыров ачып, сөз кезегин Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыповго узатты. Облус башчысы иш-чаранын катышуучуларын, жалпы теңиртоолуктарды даталуу күн менен куттуктап, эгемендүү өлкөнүн мамлекеттик символикаларынын ордун, туунун түпкү маанисине токтолду.
«Эгемендүү Кыргызстандын туусу  биримдиктин, элибиздин эркиндикке жана адилеттүүлүккө умтулуусунун белгиси. Кыргыз Республикасынын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калган бул майрам, мамлекетибиздин пайдубалын түптөгөн улуу күн болуп кала бермекчи. Бул майрамды көп улуттуу Кыргызстан эли, ошондой эле, облусубуздун жаратман эли биримдикте жана ынтымакта белгилеп келет”,-деди А.Кайыпов.

 Иш-чара Эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды камсыздаган мектеп окуучуларынын куттуктоосу менен уланды.  Эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде 1-орунду камсыздаган Нурлан кызы Жаркынай жалпы кыргызстандыктарды куттуктап, чет өлкөдө Кыргызстандын желегин көтөргөндөгү сезимдери менен бөлүштү. Андан соң эл аралык мелдеште 3-орунду камсыздаган №7 М.Сыдыков атындагы орто мектептин окуучуларынан түзүлгөн жол кыймылынын жаш испекторлору программасын көрсөттү.

  Майрамдык иш-чара Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин жана Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа менен жыйынтыкталды.
Айнура Дүйшөк кызы, Нарын облусу

 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.