Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

Нарында Мамлекеттик тил күнүнө карата «Тил улуттун күзгүсү жана келечеги» аттуу кече өттү

Аймак
23 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
818
 22-сентябрда Нарын шаарындагы облустук Сагымбай Орозбаков атындагы китепканада Мамлекеттик тил күнүнө карата «Тил улуттун күзгүсү жана келечеги» аттуу кече өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлү Альфира Супатаева, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Нарын облусундагы өкүлү Садыркул Нурманбетов, китепкана коллективи жана мектеп окуучулары катышты.
Ж.Ибраева кеченин катышуучуларын куттуктап, ааламдашуу заманында эне тилибизди сактап калуу зарыл экенин билдирди. «Кээ бир адамдардын кыргыз тилин көп колдонбой башка тилдерди аралаштырып, эне тилибизди сараң тил катары көрүп жатышы болбогон кеп деп ойлойм. Океандай «Манас» эпосун жаратып жаткан тил - бай тил. Жаш муундарды эне тилде 100% сүйлөй билүүгө чакырам»,-деди облус жетекчинин орун басары.
Мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлү А.Супатаева 27 жыл аралыгында эгемен мамлекет тарабынан бир топ иштер аткарылса дагы алдыда мындан жогорку деңгээлде аткарылчу иштер арбын экенин айтты. «Президенттин атайын жарлыгы менен мамлекетик тилди сактоо жана өркүндөтүү боюнча алгылыктуу иштер аткарылып жатат. Жылына бул максатта бюджеттен 243 млн сом бөлүнөт». Мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлү жылына 2-3 наамдагы китептер жарыкка чыгарылып тураарын белгилеп, окурмандар үчүн облустук китепканага 63 миң 900 сомдук китептерди тапшырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Улуттун улуу дөөлөтү, ыйык мурасы – эне тили» китеп көргөзмөсү, «Улут болсом - тилим менен улутмун» аталыштагы көркөм окуу, «Кыргыз тили – тарбия тили» макал-лакаптар сынагы, ошондой эле жергиликтүү акын, жазуучулардын ырлары окулду.

 Дүйшөк кызы Айнура, КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.