Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

Нарында мааниси чоң курулуш пайдаланууга берилди

Аймак
21 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
928
Нарын районунун аймагындагы атактуу Жетим кырка тоосундагы Даңги өзөн суусунун мерчемдүү кечмелигине 50 тоннага чейинки жүк көтөрө ала турган көпүрө салынып пайдаланууга берилди. Анын ачылыш аземине өлкөнүн Жайыт департаментинин деректири Уланбек Төрөгелдиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, малчылар күбө болушту.
         -Узуну 8,20, туурасы 3,60 жана бийиктиги 1,70 метр аралыктагы көпүрө темир бетон үлгүсүндө 384 миң сомго бүткөрүлдү. Каражаттын 204 миң сому «Кемп Ала Тоо» коомдук уюмунан берилсе, калган сумманы жайыт комитети чыгарды. Ошентип биз ушуну менен агыны катуу шар аккан үчүнчү туура сууга көпүрө салдык,-деди Дөбөлү айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Жаныбек Султанов мырза.
Көрсө буга чейин АРИС жана MSDSP KG уюмдары менен биргеликте айыл аймактын Кең-Саз, Ажыдаар-Уюк деген өзөндөрүнө да көпүрөлөр салынган экен.
-Мындай жумуш эч качан болгон эмес. Ушул Даңгинин суусу шар аккандыктан кирген учурларда майда жандык мал эмес, кээде атчан да кечип өтө албай калган учурларыбыз болгон. Ал эми канча машиналар тыгылып, айдоочулар кыйынчылыкка кабылышчу. Эл үчүн иштесе эле жумуштар аткарылат турбайбы,-деген пикирин айтты ал жерден бизге жергиликтүү тургун, мал багуучу Бейшен Сабыров. Облус жетекчиси болсо мындай кичине көпүрөнүн мааниси чоң экендигин белгиледи.
-Облуста «Жол картасы» кабыл алынаарда, биз ушундай алыскы жайлоолордун жолдорун калыбына келтирүү, сууларга көпүрө салууну да киргизүүнү сунуштаганбыз. Себеби малчыларыбыз жайлоолорго барып келүүдө кыйынчылыктарга кабылышууда. Ошондуктан мындай караганда кичине көпүрө болгону менен эл үчүн мааниси чоң. Бул жайыт комитетинин туура иштегендигинин белгиси. Ал эми айрым жайыт комитеттер чогулган акчаны чөнтөккө салганды гана билишүүдө. Андай жерлерде көпүрө салынмак түгүл, жайыттардын жолдору да каралган жок,-деди облус жетекчиси Аманбай Кайыпов. Өлкөнүн жайыт департаментинин деректири У.Төрөгелдиев Дөбөлү айыл аймагынын жайыт комитети мүлдө Кыргызстанга белгилүү экендигинин маалымдады.
-Жайыт биздин чоң байлыгыбыз. Айрыкча Нарын облусу үчүн өзгөчө мааниге ээ. Эгерде бул облустун аянтынын 2,2 млн.гектарын жайыт ээлесе, бул көрсөткүч Баткен облусунда 200 миң гана гектарды түзөт. Ал эми Дөбөлүнүн жайыт комитети өлкөгө белгилүү болду. Республикага аты чыкты. Ошондуктан балким семинар өткөрөбүз. Эми Нарын жана Ысык-Көл облустарына жайыт үчүн 25,6 млн. доллар каражат чечилүүдө. Ал каражатты кандай пайдаланууну өзүңөр гана, демек эл жана жайыт комитет чечет,-деген У.Төрөгелдиев мырза жайыт комитеттин жетекчиси Ж.Султанов КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жай жана мелиорация министрлигинин «айыл чарбасынын отличниги» төш белгиси менен сыйлангандыгын шарданалап, аны реформатор жайытчынын төшүнө такты.
-Бул төш белги бизди дагы шыктандырып иштөөгө түрткү берет. Эми келерки жылы Туюк-Суу деген өзөнгө да ушундай көпүрө салабыз. Ошондо малчыларыбыз Айран-Суу, Молдо-Башы деген жайлоолорго чейин барганга мүкүнчүлүк ала алышат,-деп жооп кайтарды Ж.Султанов. Ал эми аталган жайыт комитетинин эсепчиси Гүлүмкан Курманалиевага Нарын райондук акимчилигинин Ардак Грамотасы тапшырылды.
Күмөндөр Усуптегин, Нарын облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.