Курс НБ на 03.04.2020 $84,8988 €92,7010

Нарында көркөм лагерь каалгасын ачты

Аймак
16 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
668
Нарын шаарындагы К.Мамбеталиева атындагы облустук мамлекеттик тарыхый-этнографиялык музейинде Бишкек заманбап көркөм-өнөр (БЗКӨ (Б`Арт Контемпорари)) коомдук корунун «Көчмөн көркөм лагери» долбоорунун алкагында уюшулган фото жана көркөм сүрөт көргөзмөсү эшигин ачты.
         -Биз Нарын шаарына негизинен ташылуучу айрым экспонаттарды гана алып келдик. Буга чейин быйылкы жылы мындай көргөзмөлөрдүн көчмө лагери Ысык-Көл менен Соң-Көлдө өткөрүлдү. Көргөзмөнүн негизги максаты жаратылышты, салттарды жана тарыхты көбүрөөк урматтоо, өзгөчө аң-сезимди өрчүтүү, келечекте тоо ландшафтарын өркүндөтүү болуп саналат. Маселен Нарынга Швейцариянын, Франциянын, Израилдин, Тажикстандын, Казакстандын белгилүү сүрөтчүлөрү менен биздин өлкөнүн окуучу жана студенттеринин сүрөттөрүн алып келип илдик. Анда алар тоолорду, көлдөрдү жаратылыш тартуулагандай акыбалда сактап калууларын ички туюмдары аркылуу сүрөттөр менен бергенге аракет кылышкан,-деп билдирди аталган коомдук кордун өкүлү  Гүлкайыр Ысмайылова айым.
         Тилекке каршы, ачылыш аземге облустук дагы, шаардык дагы бийликтен бир жан басып келген жок. Болгону алгачкы көргөзмөгө шаардагы №7орто мектептин 9-классынын саналуу окуучулары гана күбө болушту. Эми көргөзмө 12-декабрга чейин улантылмакчы.
         БЗКӨ өз ишмердигин 2007-жылы баштаган экен. 2011-жылдан тарта Көчмөн көркөм лагерин уюштуруп келет жана долбоорлор Кристенсен кору аркылуу каржыланат.
Күмөндөр Усуптегин, Нарын облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.