Курс НБ на 13.08.2020 $78,0000 €92,3520

Нарында карышкырлар күч болууда

Аймак
21 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
653
Нарын районунун аймагындагы Жетим кырка тоосунда карышкырлар күч болуп, малчылардын малын колдон талашып жеп жаткандыктарын райондогу Дөбөлү айыл аймагынын малчылары облус жетекчиси Аманбай Кайыповго жеринен билдиришти.
         -Бизде бир эле көйгөй карышкыр болууда. Бир козубу, бир улакпы карышкырга жедирсең, баары бир 5 миң сом төлөйсүң. Бир бодого болсо мал ээлери 40 миң сом сурашат. Анткени айрым адамдар азыркы тапта атайын эле, ошол козум мыкты болчу же таап бер же 5 миң сом бер дешет. Карышкырларды аталы десек колдо мылтыгыбыз жок. Кытайдын тарсылдактарын алып келип тарсылтадып жатабыз. Бирок аны кудайдын иттери тоотпойт экен. Короолордун айланасын болсо ар кайсы кийимдерди илип, эптеп каракчы кылуудабыз. Күнүгө тиги малчыдан бирди, баланча жерден бир бодону жеп кетиптир деген сөздү укканыбыз уккан,-дешти малчылар. Алардын турмушу менен таанышкан дубан башчысы жакын арада атайын мергенчилер тобун жиберүүнү убадалады.
         -Негизи жайлоого мал багып чыккан малчыларга жайкысын мылтык бергендей кылышыбыз керек экен. Анан күзүндө айылга барганда кайра өткөрүп беришиңер керек. Болбосо чынында малчылар элдин малын бөөдө төлөп калышууда. Ошондуктан сиздерге мергенчилер тобун жиберели. Аларга шартты түзүп бергиле,-деп жооп кылды А.Кайыпов.
 
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.