Курс НБ на 02.06.2020 $73,5222 €82,1316

Нарында энергетиктердин кесиптик күнү белгиленди (фоторепортаж)

Аймак
23 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
500
Кечээ, 2016-жылдын 22-декабрында, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйындар залында энергетиктердин кесиптик күнү белгиленди.
Салтанаттуу жыйында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов кесип ээлерин куттуктап, энергетика тармагы боюнча аткарылып жаткан иштерге жана облустун элин, экономика тармагын электр, жылуулук энергиясы менен камсыз кылууда Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын,  «Чыгышэлектр» ачык акционердик коомунун Нарындагы филиалынын, Ат-Башы ГЭСинин жана Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин эмгек жамааттарынын алгылыктуу иштерине токтолду.
«Климаты катаал облуска бөлүнгөн электр энергиясынын лимитин катуу көзөмөлгө алып, лимиттен ашыкча пайдаланууга жол бербөө үчүн  тиешелүү иштер жүргүзүлүп келүүдө. 2016-жылдын 11 айына электр энергиясынын лимитин үнөмдөө менен келе жатабыз. Нарын облусунун климаттык шарты оор болгондуктан алдыдагы кыш айларында биздин  энергетиктер,  бизди электр, жылуулук  энергиясыз калтырбай,  алдыдагы сыноодон ийгиликтүү чыгарат деп ишенебиз. Алдыда Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо иштери турат. Буюрса, жакынкы жылдары бул дагы ишке ашып, ГЭСтин коопсуз иштөөсүнө, электр энергиясын өндүрүүнү жогорулатууга шарттар түзүлөт”,- деп сөзүн жыйынтыктап, өкүлдүн орун басары энергетика тармагындагы эмгек алдыңкыларына ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамотасын, Ыраазычылык катын жана баалуу белектерин тапшырды.
Андан соң аталган мекемелердин жетекчилери куттуктоо сөзүн алып, бир катар кызматкерлерге сыйлыктарын тапшырышты.
Белгилей кетсек, 2016-жылдын 11 айында Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы тарабынан 3 млн 32,7 миң сомдук капиталдык оңдоо иштери аткарылса, учурдагы оңдоо иштери 10 млн 379,2 миң сомго аткарылган. 2016-жылдын 11 айында ишканага 529 млн 169,5 миң кВт саат электр энергиясы келип,“Чыгышэлектр” ачык акционердик коомунун Нарындагы филиалына, ири өнөр жай ишканаларынын пайдалануучуларына жеткирилип берилген. Ал эми өз кезегинде “Чыгышэлектр” ачык акционердик коомунун Нарындагы филиалы тарабынан капиталдык салым иштерин 20 млн 855  миң сомго аткарылган. Электр энергиянын ичинен жалпы коромдор  -   64,4 млн  кВт саатты түзүп, өткөн жылга  салыштырмалуу  - 2,7 %га  азайды.
Ошондой эле Ат-Башы ГЭСи2016-жылдын 11 айында 140,9 млн кВт саат электр энергиясын өндүрүп, накталап оңдоо иштерин 11 айга карата  9 млн 897 миң сомго, учурдагы оңдоо иштери 4 млн 421 миң сомго аткарган.
            Нарын  шаарын жылуулук менен камсыз кылуучу Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинде бардыгы 25 откана болду. Анда 22 откана электр энергиясы менен, 3 откана көмүр отуну  менен иштетилип, жылытуу мезгилине керектелүүчү көмүр отуну толугу менен 100% даярдалган. 
Дүйшөк кызы Айнура, КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.