Курс НБ на 18.07.2018 $68,1779 €79,2295

Нарында энергетиктер күнү белгиленди (фото)

Аймак
22 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
221
Иш-чарага Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, биринчи орун басары Касен Асизов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын, «Чыгышэлектр» Ачык акционердик коомунун Нарындагы филиалынын кызматкерлери Ат-Башы ГЭС мекемесинин, Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин, Энергоинспекция бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.
Энергетиктердин кесиптик майрамы менен облус башчы А.Кайыпов куттуктады. Электр энергиясыз учурда эч жумуш бүтпөй тургандыгы белгилеп, Нарын облусунун климаттык шарты оор болгондуктан, кыш мезгилинде электр энергиясы көп колдонулушу мүмкүн экенин маалымдады. Ошондой эле, Нарын облусунун калкын, экономика тармагын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздап жаткан жалпы кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, бул тармактын  жетишкендиктерине токтолду. Андан соң бир катар эмгек алдыңкыларына ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталарын, Ыраазычылык каттарын жана баалуу белектерин тапшырды.
           
 Дүйшөк кызы Айнура, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.