Курс НБ на 19.02.2020 $69,8406 €75,6129

Нарында 11-класстын окуучусу каза болду

Аймак
19 - Март 2019
www.erkintoo.kg
259
Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Үгүт айылындагы 11-класстын окуучусу бычактан жаракат алып каза болду. Мындай маалыматты  Нарын ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, кылмышка 10-класстын окуучусу шектелүүдө. 16-март күнү  Ак-Талаа РИИБнын нөөмөт бөлүмүнө Ак-Талаа райондук ооруканасына 11-класстын окуучусу бычактан алган жаракатынан улам келип түшкөнү жана ал өзүнө келбей каза болгону тууралуу маалымат берилген. Окуучу балдардын ортосунда уруш чыгып, 2003-жылы туулган бала өзү жашаган үйүнөн ашкана бычагын алып чыгып, айылдашы 2002-жылы туулган баланы артына үч жолу сайып жиберген.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.