Курс НБ на 13.08.2020 $78,0000 €92,3520

Нарында 100 жаштан ашкан карыларды куттукташты

Аймак
03 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
726
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов 1-октябрь – Эл аралык карылар күнүнө карата 100 жаштан ашкан кары адамдар Анипа Баймурзаеваны жана Зулайка Шайылдаеваны куттуктады.
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну, 105 жаштагы Анипа Баймурзаева 10 уул-кызы, 66 небере, 198 чөбөрө, 30 кыбырасы бар. Көп жылдар бою Учкун колхозунда эмгектенген.
Ал эми Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылынын тургуну Зулайка Шайылдаева быйыл 100 жашта. Кары адамдын 9 баласы, 40 небереси жана 16 чөбөрөсү бар.
«Карысы бардын ырысы бар дегендей, сиздер насаатыңыздар менен бизге тирек болуп, дем-күч берип турасыздар. Уул-кыздарыңыздын төрүндө дөөлөттүү карылыкты өткөрүп, ден соолукта болуңуздар!»,- деген тилегин айткан облус башчы белектерин тапшырды.
 Учурда облус боюнча 100 жаштан ашкан 29 кары адам бар.
 
Айнура Дүйшөк кызы, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.