Курс НБ на 19.06.2019 $69,7300 €78,0941

Нарын суусунун жээгинен шаардык аялдын жансыз денеси табылды

Аймак
20 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
182
Нарын шаарынын 64 аймагында Нарын суусунун жээгинен 55-60 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул маалыматты Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, 15-декабрь күнү саат 17:00 чамасында Нарын шаарынын 64 аймагындагы жөө жүргүнчүлөр жана автоунаалар өтүүчү көпүрөнүн күн чыгышында – Нарын суусунун түштүк тарабында жайгашкан жардын түбүнөн азиат түспөлүндөгү аял кишинин жансыз денеси көмкөрөсүнөн жаткан абалда табылган. Аталган жерге ыкчам тергөө тобу барып, жансыз дененин сыртынан кароо жүргүзгөн учурда эч кандай күч колдонулган белгилер байкалган эмес.

Бул окуя боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Нарын ШИИБ тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле маркум Нарын шаарынын тургуну экендиги аныкталган.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.