Курс НБ на 24.05.2018 $68,3080 €80,1902

Нарын суусуна секирген 18 жаштагы кыз жээкке кайра өзү сүзүп чыкты

Аймак
13 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
144
Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын аймагынан 18 жаштагы кыз сууга секирип, кайра жээкке өзү сүзүп чыкты. Ага милиция кызматкерлери жардам көрсөтүп, дарыгерлерге берилген.
ӨКМдин маалыматы боюнча, кечээ, 12-февралда саат 19:10 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 452-чакырымында 2000-жылы туулган кыз Нарын суусуна секиргени тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Таш-Көмүр шаарындагы 8 куткаруучу жөнөтүлүп, бирок алар жеткенге чейин сууга секирген кыз жээкке өзү сүзүп чыккан.
ИИМдин кызматкерлери кызга суудан чыгууга жардам көрсөтүп, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.