Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Нарын облусунун Жылан-Арык айылында ФАП пайдаланууга берилди

Аймак
16 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
890
 2016-жылдын 15-декабрында, Нарын районундагы Жылан-Арык айылында фельдшердик акушердик пункт пайдаланууга берилди.
ФАПтын ачылышына Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев, облустук бириктирилген оорукананын башкы дарыгери Мурат Атбаев, райондук мекеме жетекчилери жана айыл тургундары катышты.
Облус башчы А.Кайыпов айыл тургундарын жаңы ФАПтын ачылышы менен куттуктап,  акыркы жылдардагы медицина  тармагында жана жалпы эле айыл аймактарындагы болуп жаткан жакшы саамалыктарга токтолду. 
«Айыл тургундарынын ден соолугун көзөмөлдөп, аларды медициналык кызмат менен камсыз кылуу үчүн айыл жерлеринде ФАПтар курулуп жатат. Быйыл облуста 6 ФАП курулду. Мындан тышкары айыл тургундарына шарт түзүп берүү үчүн жыл сайын 3-4 айылдын ички жолдору асфальттанып жатат. Сары-Ой айылынын ички жолуна быйыл 1,5 км асфальт төшөлөт.  Мектебинин эскилиги жеткен экен, аны дагы куруп берүүнү пландаштырып жатабыз. Негизгиси ынтымак жана тынчтык болсо, алдыга койгон максаттарыбыз орундалат»,-деди жетекчи.
Салтанатка катышкан коноктордун куттуктоосунан соң имараттын кызыл тасмасы кесилип, короосуна балатылар тигилди.
ФАПтын курулушуна түрткү берүүчү гранттын эсебинен 1 млн 300 миң сом жана өздүк салымдан 300 миң сом бөлүнүп, жалпы 1 млн 600 миң сомго курулду.
Нарын облусунун борборунан 85 км алыстыкта жайгашкан Сары-Ой айыл аймагына караштуу Жылан-Арык жана Сары-Ой айылдарында жалпы 1197 адам жашайт.
 
Дүйшөк кызы Айнура, КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.