Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Нарын облусунун 5 айыл аймагына грант берилди

Аймак
13 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
588
Нарында жергиликтүү демилгелерди колдоо үчүн Ак-Кудук, Ак-Чий, Жерге-Тал, Кара-Суу жана Кѳк-Жар айыл аймактарына грант берүү аземи болуп ѳттү. Ар бир айыл ѳкмѳтүнѳ 21 274 доллар суммасындагы гранттык сертификат тапшырылды. Бул гранттар  Дүйнѳлүк Банк жана Ага Хан Фондунун тарабынан каржыланган «Бирге – Коомчулуктун демилгесин колдоо аркылуу социалдык биримдикти бекемдѳѳ»долбоорунун алкагында берилди.
Грант берүү аземине Жергиликтүү ѳз алдынча  башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин, райондук администрациялар-дын, айыл ѳкмѳттѳрүнүн ѳкүлдѳрү жана ошондой эле долбоордун максаттуу айыл аймактарындагы жумушчу топтордун мүчѳлѳрү катышышты. Катышуучулар «Бирге» долбоору жана гранттык процесс тууралуу маалымат алып, грант берүү үчүн тандалган 10 айыл аймактарынын долбоордук сунуштары менен тааныша алышты. Өз долбоордук сунуштары тууралуу айыл ѳкмѳттѳрдүн ѳкүлдѳрү тааныштырып кетишти.
Гранттык колдоо үчүн тѳмѳндѳгү долбоордук сунуштар тандалды: Чолок-Кайын жана Дыйкан айылдарындагы бала бакчаларды ремонттоо, Ак-Чий айылындагы мектепти оңдоо, Жаңы-Тилек айылында клубдун имаратын оңдоо, Кѳк-Жар айыл аймагында ФАП (фельдшердик-акушердик пункт) куруу жана ошондой эле Ак-Кудук айыл аймагына ветеринардык комлекс куруу.
Долбоорлорду тандоо процессинде тѳмѳндѳгү критерийлер эске алынды: айылдын алыс жайгашкандыгы, каржылануунун аздыгы (азыраак жардам берилген айыл), долбоордук сунуштун сапаты, актуалдуулугу, ар кандай топтордун катышуусу (жаштар, аялдар ж.б.) жана долбоордун туруктуулугу.
MSDSP KG Коомдук фонду гранттарды Нарын жана Ош облусундагы айыл аймактардын жергиликтүү ѳнүгүү үчүн 15 чакан грантты бермекчи. Гранттык колдоонун жалпы суммасы 300 000 доллардан ашуун. Грант берүү үчүн тандоонун шарттарына жараша, берилген грант жергиликтүү маселелерди чечүүгѳ жана калктын жашоосун жакшыртууга багытталган долбоордорду каржылоого гана колдонулуусу зарыл.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.