Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов эл менен жолугушууда

Аймак
11 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
526
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов аймактардагы көйгөйлөрдү жеринде талкуулап чечүү боюнча айыл аймактарында эл менен жолугушууда. Эки күндүк  иш сапары менен Жумгал районуна келген облус башчы алгач Жумгал айылында Жаңы-Арык, Куйручук, Чоң-Дөбө  айыл аймактарынын тургундары менен жолукту.  Күндүн экинчи жарымында Баш-Кууганды, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө айыл аймактарынын тургундары менен жолугуп, бир катар суроолорго жооп берди. Жыйынга тиешелүү облустук мекеме жетекчилери, райондогу айыл аймактардын айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканаларынын жетекчилери катышты.
Алгач райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Адыл Сапаров 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча маалымат берди.  
 Андан соң облус башчы март айында Жумгал районун кыдырып өткөрүлгөн жолугушууларда айтылган маселелер боюнча 34 пунктан турган атайын иш-чара түзүлүп, анын 24 аткарууга алынганын жана 10 маселе аткарылып жатканын маалымдады.
Айыл тургундары тарабынан сугат суусу, айылды таза суу менен камсыздоо, билим берүүдөгү кадр маселеси, жер маселеси боюнча жекече доо-арыздар, электр энергиясы, бала бакча, боюнча көйгөйлөрүн айтышты.
Жыйын соңунда А.Кайыпов айыл элин ынтымакка чакырып, биргеликте иш алып баруу керектигин айтты. Ал эми айыл тургундары тарабынан берилген суроолор район жана айыл деңгээлиндеги чечилчү маселе экенин айтып, мекеме жетекчилерине жана айыл өкмөттөргө тапшырма берди. Калган убакыт талап кылган маселелер боюнча кошумча маалымат кийинки жолугушууда берилээрин убадалады.
 
Дүйшөк кызы Айнура, КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.