Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Нарын облусундагы кышка даярдыктар кандай?

Аймак
30 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
60
2017-2018-жылдардын күз-кыш мезгилдерине Нарын облусунун экономика тармагына жана калкына жалпы керектелүүчү көмүр отуну 55 миң 174 тоннаны түзөт. Учурда бюджеттик мекемелер (билим берүү, саламаттыкты сактоо,  маданият, кесиптик билим берүү) 95% көмүр отуну менен камсыз болду. Ал эми жылуулук берүү ишканасына 4112 тонна көмүр керектелсе, 100% камсыздалган.Облус аймагында элге көмүр отунун сатуучу 68 кампа уюштурулган. Атап айтсак, Ак-Талаа районунда 13, Ат-Башы районунда 12, Жумгал районунда 13, Кочкор районунда 12, Нарын районунда 15, Нарын шаарында 3 кампа.
Жеке ишкерлер тарабынан Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунда Турук, Кара-Кече көмүр кесиминен көмүр ташылууда. Ал эми Жумгал, Кочкор, Нарын райондоруна жана Нарын шаарына Кара-Кече көмүр кесиминен көмүр отуну алынып келүүдө.
Көмүр кампаларында сатылып жаткан көмүрдүн 1 тоннасына болгон баасы Ак-Талаада 2500-3000 сом, Ат-Башыда 3300-3500, Жумгал - 950-2130, Кочкор – 2200-2600, Нарын районунда 3000-3500, Нарын шаарында 3300-3500 сомду түздү.  
Мындан сырткары, шаар, айылдарды кыдырып көмүр саткан жеке ишкерлер бар.
Райондук администрациялардын жана шаардык мэриянын карамагында оор жүк ташуучу автоунаалар жок болгонуна байланыштуу, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Кытай-Кувейт ишканасы “Копри-Синогидро” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аталган компаниянын 5 оор жүк ташуучу автоунаалары  шаардын көмүр кампаларына көмүр ташууда.
Айнура Дүйшөк кызы, Нарын облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу