Курс НБ на 23.09.2018 $68,8964 €80,9533

Мыйзамсыз курулуштарды алуу боюнча рейд башталды

Аймак
05 - Март 2018
www.erkintoo.kg
159
Ош шаарынын мэриясынын 19-февралында көчө бойлорунда жана турак-жайлардын айланасында жайгашкан соода түйүндөрүнүн (павильон, киоск ж.б) мыйзамдуулугун текшерүү бюнча №21-б буйругу чыккан.
   Анын алкагында Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнөн, КРнын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаардык регионалдык башкармалыгынан, Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, райондук электр тармактар ишканасынан, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын тийиштүү бөлүмдөрүнөн атайын комиссиялык топ түзүлгөн.
  Кечээ Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи райондорундагы көчөлөрдүн боюнда көп кабаттуу үйлөрдүн айланасында жана тратуарларда жайгашкан жеңил типтеги мыйзамсыз соода түйүндөрүн алуу боюнча атайын рейд болду. Ага тийиштүү кызматтардан түзүлгөн атайын комиссиялык топ барып, күркөлөрдүн эскилиги жетип, шаардын көркүн бузуп, ошондой эле, өрт коопсуздугу , жашыл зооналар сакталбаган унаа тыгындарын пайда кылып жаткан дүкөндөрдүн ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ушул күнгө чейин уруксат кагазын албаган, өз билемдик менен туура эмес жерлерди ээлеп алган айрым соода түйүндөр алынды.
  Мындан ары мыйзамсыз соода түйүндөрүн алуу боюнча Ош шаарынын бардык кичи райондорунда жыл бою рейд жүрөт.
 Ризван Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.