Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Мыйзамсыз аңчылык кылгандар кармалды

Аймак
14 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
18
Мамэкотехинспекциясынын Нарын аймактык башкармалыгы Германия жаратылышты коргоо уюмунун (NABU) барс ыкчам тобу жана Нарын ОИИБдин кызматкерлери менен бирге аңчылык кылгандарга карата рейд өткөрдү. Анын натыйжасында мыйзамсыз аң уулоочулар кармалды, алардын арасында отставкага кеткен полковник дагы бар. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Нарын аймагындагы башкы инспектор Рудбек Абдраев билдирди.
Анын билдиргенине караганда, атайын пландан тышкары биргелешип өткөрүлгөн рейд Каратал-Жапырык жаратылыш коругунун Соң-Көл аймагын текшерүүгө алган. Рейд учурунда мыйзамсыз аң уулоочулар жана аңчылыкка мыйзамсыз курал-жарагын колдонуп жүргөн жаран дагы кармалган.
Мыйзамсыз аңчылык кылгандар боюнча тиешелүү материалдар облустук прокуратурага тергөө үчүн өткөрүлүп берилген.
 

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу