Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Өмүралиев айыл аймагында МТС ачылды

Аймак
17 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
544
Талас облусунун  Талас районундагы Өмүралиев айыл аймагында "Ак Сай" сервистик муниципалдык ишканасы ачылып, анын базасында КРнын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги аталган аймактагы жети айыл өкмөтү бириктирилген машина трактордук станциянын (МТС) ачылыш семинарын өткөрдү. Бул  МТСке жалпысынан ички инвестициянын негизинде жети буудай чапкыч комбайн, он жети трактор, алты чөп чапкыч германиялык комбайн, отузга жакын айыл чарба шаймандары жана төрт оор жүк ташуучу техникалар тартылган. "Бүгүнкү күндө МТСтерди ачуу өз жемишин берүүдө.  Азыр айыл чарба шаймандарын жаңыртууну колго алуу республиканын ар бир аймагында жолго коюлууда. Мындай демилгени өкмөт да колдоп, президент Алмазбек Шаршенович, премьер-министр Сооронбай Шариповичтер ар тараптан жардам берүүгө даяр экендиктерин айтып жатышат. Буга чейин бир канча аймактарда ачылып, азыр Талас областында бул саамалык уланып жатат. Биз министрлик тарабынан болгон жардамыбызды беребиз. Эң негизгиси айыл элинин түйшүгүн жеңилдетет", - деди министр Турдуназир Бекбоев  Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөттүн Талас облусундагы  ыйгарым өкүлү Дайыр Кенекеев катышты.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.