Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

МКУнун муздаткычы нарындык жаранга тапшырылды

Аймак
17 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
453
Нарын шаарынын тургуну, ардагер Сонунбүбү Жээренбаева бир дагы сом коротпой, 19 миң сомдук AVESI үлгүсүндөгү Орусия өлкөсүнүн өндүрүшүнөн чыгарылган муздаткычтын ээси болуп калды. Ал мындай мүмкүнчүлүккө Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнүн 98/9 үйүн камсыздандыргандан кийин эгедер болгон.
         -Мен 1954-жылы Нарын районундагы Дөбөлү айылында туулгам. Союз убагында автобазада иштегем. Анан быйыл 17-август күнү үйдү камсыздандыргам. Мага берилген АА № 17511 сериялуу билет лотериядан байге утуптур. Ал тууралуу камсыздандырууда иштеген балдар өздөрү чалып айтышты,-дейт муздаткычты алууга келген ардагер.
         -Үйлөрүн камсыздандырган жарандар арасында үч орун үчүн лотерея ойнотулган. Биринчи орунду Бишкек шаарынын тургуну Геннадий Базаров утуп алып 250 миң сом алса, экинчиси биздин Сонунбүбү апа болду. Ал эми түстүү телевизордун ээси Чүй облусунан Венера Меңдибаева болуп калды. Мындан сырткары үйлөрүн камсыздандыргандардан 4 жаран ар кандай кырсыктардан жабыр тарткандыктары үчүн акчалай жардам алышты,-деп билдирди муздаткычты тапшыруу учурунда КРнын мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Нарын облустук филиалынын деректири Арстанбек Дүйшеев мырза.
Күмөндөр Усуптегин, Нарын облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.