Курс НБ на 22.01.2018 $69,3433 €84,8901

Мэрдин жаңы жылдык балатысы (фоторепортаж)

Аймак
26 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
69
“Алтын балаты ”деген аталыштагы  оюн-зоок программасына шаардын мектеп-интернаттарынан, балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунан, балдар үйлөрүнөн жана билим берүү мекемелеринен, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынан 200гө жакын бала катышты.
Балдарды шаар мэри А.Кадырбаев келе жаткан жаңы жыл майрамдары менен куттуктап, белектерин тапшырды.
-“ Бул күндөрдү бүткүл дүйнө жүзүнүн эли, алардын катарында силерге окшогон бөбөктөр чыдамсыздык менен күтүп келет. Жыл ичинде жакшы окуп, ийгиликтерге жетишип кубансак, кемчилдиктерди кайталабоого аракеттенебиз. Билим алгыла, тартиптүү болгула, ал эми биз ар убак балдарыбыздын бактысы, келечеги үчүн камкордук көрүп, силер үчүн баарына даярбыз”,- деди А.Кадырбаев.
     Иш-чаранын алкагында балдарга шаңдуу майрамдык концер тартууланып, жомок каармандары менен биргеликте балатыны айланып бийлешти.
  Ризван Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу