Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

Мэр жаңы төрөлгөн үч эмден кабар алды

Аймак
30 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
60
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ушул жылдын 5-октябрында үч эм төрөгөн шаардын тургуну Гүлназ Батыровадан кабар алды. 
 Калаа  жетекчиси үч эмдин ата-энеси Эрнис Бакиров менен Гулназ Батырованы куттуктап, бөбөктөргө ылайыктуу коляскаларды жана акчалай жардам тапшырды. Мындан тышкары коммуналдык кызмат акыларына жардам көрсөтмөй болду.
 Шаар мэри медицина кызматкерлерине үч эмдин абалын такай көзөмөлгө алып турууну айтты. Үч эмге Нуржан, Бекжан жана Гүлжан деген ысым берилди. Айта кетсек, Гүлназ Батырова 2 кыз, 1 уулду дүйнөгө алып келип, Ош шаарында 2018-жылдын эсебинен 3 эмдин биринчи төрөлүшү болуп катталган. Алардын үч эмден тышкары 2 баласы бар.
Ризван Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу