Курс НБ на 19.04.2019 $69,6426 €78,3236

Мэр Түркиянын элчиси менен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Аймак
11 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
85
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Түркиянын Кыргызстандагы атайын ыйгарым  укуктуу элчиси  Женгиз Камил  Фырат менен жолугушту.
Жолугушууда  экономика, саламаттыкты  сактоо, туризм, маданият тармагында сөз болду. Түркиянын  элчиси шаар аймагында  заманбап мектеп куруу, материалдык  муктаждыгы анык 4 оорулуу адамга акысыз операция жасатуу жана “Ош-Түрк  дүйнөсүнүн маданий борбору” иш-чараларында маданий жактан колдоо сунуштарын айтты.
Мындан сырткары, даяр долбоорлор болсо ишке ашырууга жардам болоорун билдирди. Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов шаар бийлиги кызматташууга даяр экендигин айтып, ылайык келген бир канча долбоорлордун сунушу берилерин айтып өттү.
“Түркия Ош шаарында буга чейин да мектеп куруп, эс алуу паркын оңдоп берген. Мындан кийинки кызматташууга даярбыз. Түркия менен Кыргызстандын мамилеси жакшы. Ынтымактуу мамилебиздин жыйынтыгы менен экономикалык, маданий байланыштарыбыз уланып жатат. Ошто футболго кызыккандар көп. Жаштарыбыздын спортко кызыгуусу күч алган. Шаар бийлиги да борбордук стадионду оңдоо аракетиндебиз. Сиздер тараптан да стадионду оңдоо иштерине жардам болсо жакшы болмок. Туризм, спорт, соода-сатык жана башка тармактардан да кызматташууга даярбыз. Ишкерлерге, инвесторлорго ар дайым эшигибиз ачык”,-деди мэр.
 Ризван Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу