Курс НБ на 22.01.2018 $69,3433 €84,8901

Мектептеги «Балалык» балдар бакчасы

Аймак
05 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
30
Талас районунун Акматбек Нуржанов айыл аймагына караштуу Жон Арык айылындагы Акматбек Нуржанов атындагы орто мектептин  базасында  «Балалык» бала бакчасы ачылды.  100 орундуу бала бакчада  3 жаштан 6 жашка чейинки балдар кабыл алынды. Балдар бакчасында 7 кызматкер иштеп жатат. 
Айыл жеринде балдар бакчасынын  жетишсиздигин жоюу максатында КР Билим берщщ жана илим министрлиги  мына ушундай жол менен  балдар бакчасынын санын көбөйтүп, бөбөктөрдү мектепке даярдоо ишин жакшыртуу боюнча токтом чыгарган. ММКдагы маалыматтарга караганда, ага ылайык  мектептердин базасында республика боюнча 100 мектепте балдар бакчалары ачылган.
 
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу