Курс НБ на 26.02.2021 $84,6796 €103,3811

Мектепке эшек минип барып окуган 3-класстын окуучусу Азима келечекте мал догдур болууну каалайт

Аймак
05 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
665
Түп районундагы А.Сопиев атындагы Тасма орто мектебинин 3-классынын окуучусу Азима Карыпбекова мектепке 5 чакырым алыстагы баздан эшек минип барып келип окуйт.
Ал Эрнис Кожокеев менен Гүлмира Эшмукамбетовдун эң кичүү кызы. Анын 22 жаштагы агасы Өмүрбек Россияда иштесе, 20 жаштагы агасы Эрнат Каракол шаарында куруучу, дагы бир агасы Нурсултан ашпозчунун окуусун окуп жатса, эжеси Нуриза 9-класста билим алууда.
«Кызым кыздар сыяктуу ойнобойт, малга жакын. Жайында Турук жайлоосуна чыкканда кой кайтарат, саан убагында бээлерди тосуп келет. Мектепке барып келгенден кийин, малды тозушат, токойдон иче турган сууну эшеги менен ташып келет. Эркек балдардын баары менин жолумду жолдоп малчы болот го деп ойлосом, Азимадан башкасы кызыгып койбойт, - дейт атасы Э.Кожокеев.
Сабактан кандай окуйт деп класс жетекчиси Аида Абдылдаевага кайрылсак, адабият менен музыкага абдан кызыгарын, эркек балдар менен таймашып, баскетбол, футбол ойноп, эркек мүнөз экендигин айтты. Келечекте Азима мал догдур болууну каалайт. Ал: «көк бөрүгө кыздар катышса жакшы болор эле», - дейт.
Булак: Турмуш


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.