Курс НБ на 19.06.2019 $69,7300 €78,0941

«Мекенди сүйүү ыймандан»

Аймак
18 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
266
13-декабрда Ош шаарынын түштүк гарнизонундагы офицерлерге «Мекенди сүйүү ыймандан» аталышындагы лекция окулду. Мекенге кызмат өтөп жаткан жоокерлер менен жолугушууга Ош шарынын Ак-Буура Чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Мырза ажы Осмонов, түштүк гарнизондун командири Бакыт Матраимов, офицерлер жана кызматкерлер катышып, ата-энеге болгон мамиле, адеп-ахлак, улууларды урматтоо, биримдик туурасындагы баяндамалар айтылды. Мекенди коргоо соопту иштерден. Андыктан ар бириңиздерди мекенге ак кызмат өтөп, мекенди сүйүүгө чакырам,-деди Мырза ажы Осмонов. Эскерте кетсек, Ош шаарынын түштүк гарнизонундагы офицерлерге уюштурулган  иш-чара түштүк гарнизондун демилгеси менен өткөрүлдү.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.