Курс НБ на 28.01.2020 $69,8500 €76,9712

Мекенди коргоочулар күнүнө карата бир айлык жарыяланды

Аймак
13 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
432
Жалал-Абадда шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан Мекенди коргоочулар күнүнө карата мектептер арасында “Аскердик-патриоттук айы” жарыяланды. Бул тууралу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Айнура Маданова билдирди.
Анын айтымына караганда, шаарда Мекенди коргоочулар менен Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылган күнүнө карата өткөрүлүүчү жалпы иш-чаралар алкагында балдарга аскердик-патриоттук тарбия берүү колго алынмакчы.
-Учурда Мекенди коргоочулар күнүнө карата мектептер арасында ар кандай аталыштагы конкурстар, ошондой эле тарбиялык сааттар өткөрүлүп жатат. Азыркы күндө аскер бөлүктөрү менен да иш алып барып жатабыз. Ошону менен бирге Ооган ардагерлери менен окуучулардын жолугушуулары байма-бай өтүп, окуучулар өздөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп алып жатышат. Ал ми 23-февраль Мекенди коргоочулар күнүнө карата “Кана эмесе, жигиттер”, “Мекенди сүйүү” аталышындагы конкурстар өткөрүлөт,-дейт ал.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.