Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Математиктерди түптөгөн түптүк Муканов

Аймак
18 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
512
 Түп районунун Байзак айылындагы Аалы Муканов атындагы мектептин музейи Тарых жана маданият жылына карата өткөрүлгөн музейлер арасындагы сынакта жеңүүчү аталды. Бул тууралуу мектеп директору Г.Шыгаева билдирди.
Анын айтымында, өз элине кызмат кылган А.Мукановдун ысымы мектепке ыйгарылган.
«Ааламга кеткен жол айылдан башталат дегендей Аалы агай бир жылда экиден классты аяктап, айылга мугалим болуп иштеп калат. 1941-1945-жылдары согушка барам деп аскер комиссариатына барганда, 14 жаштагы баланын салмагы, бою жетпей калып, айылдык кеңешке катчы кылып орноштуруптур. Улуу Жеңиштен кийин Караколдогу мугалимдер институтунда окуган. Билим алгандан кийин Санташта, Талды-Сууда, Тасмада мектеп директору болуп иштеди.
Педагогикалык институт ачылганда аны кызыл диплом менен аяктап, В.Лениндин стипендиясына татыган. Москвага СССРдин агартуу министрлигине кат жазып жатып, көл өрөөнүндө биринчи жолу эки кабаттуу мектеп курдурган. Ошондой эле, мектеп-интернат ачтырып, математиктердин династиясын өстүрө баштаган.
Анын окуучулары институтка тапшырганда Айтак агайдан окуганбыз деп билими менен таң калтырышат. Мындан 60 жыл мурда курулган мектеби учурда дагы кызмат кылууда. Ал жерде бала бакча жайгашкан», - деди мектеп директору.
Ал белгилегендей, «Мукановдордун математикалык династиясы» эми жалпы Кыргызстанга жайылат. А.Муканов агайды Пржевальск шаарындагы мектептерге окуу-тарбия иштерин жолго коюу максатында декан болуп иштеп турганына карабай мектеп директору кылып жиберип, оңолгондон кийин кайра институтка чакыртып алышкан.
Аспирантурага тапшырып, бирок жубайы Сүйүмкан Коралиева менен 10 баланы тарбиялоодогу кыйынчылыктардан улам аны аяктабай калган.
Өзү өскөн Санташ айылындагы мектепте директор болуп эмгектенип, ал мектепке Аалы Мукановдун ысымы берилип, музейи да ачылган.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.