Курс НБ на 27.02.2020 $69,8500 €76,0806

Массалык ишембилик өттү

Аймак
22 - Март 2017
www.erkintoo.kg
344
Жаздын келишине жана   жаңы күн, жаңы жашоонун символу катары  белгиленип  келаткан улуу  Нооруз   майрамына  карата  Ош шаарында массалык ишембилик өттү. Ага шаар жетекчилери, Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын, мекеме- ишканалардын кызматкерлери, эмгек ардагерлери,  шаар тургундары жана жаштар катышты.
Ишембиликте катышуучулар шаардагы сейил бактарды, мекеме ишканалардын айланасын тазалап, көчөлөрдү жана  көчөлөрдүн боюндагы  бак-дарактардын түбүн  жумшартып, арыктарды тазалашты.
Эске салсак, 1-марттан тартып Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин буйругу менен шаарда көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалоо боюнча үч айлык жарыяланган. Жарыяланган үч айлыктын алкагында  Сулайман-Тоонун айланасын, Ак-Буура дарыясынын жээктерин тазалоо,  ар бир шаардык уюм, мекемелер калаага кооздук тартуулоо үчүн ар түрдүү гүлдөрдү, бадалдарды, анын ичинде дарактарды, теректерди, ак кайың, кара жыгач, туя жана башкаларды отургузушат.
Р. Исмаилова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.