Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

Маселени жеринде чечүү керек

Аймак
23 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
644
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев №3 Сулайман-Тоо аймактык кеңешинин тургундары менен жолугушту. Ага шаардагы бардык  мекеме-ишканалардын жетекчилери жана тургундар катышты. Алгач шаар башчысынын тургундар менен болгон мурунку жолугушууларындагы протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө маалымат берилди.
   Андан соң катышуучуларга шаардагы акыркы 2 жарым жылда аткарылган жумуштарды камтыган кыскача видеотасма көрсөтүлдү. А.Кадырбаев эл менен болгон жолугушуунун негизги максаты, жашоочулардын көйгөйлөрүн, маселелерин, суроо талаптарын бетме-бет олтуруп  угуу жана жеринде чечүү экенин билдирди.
Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, калаа башчысы тургундардын суроолоруна түз жоопторун берди.
 “Шаарыбызды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө мэрия тараптан бардык күч- аракеттер жумшалууда. Акыркы эки жарым жылда калаабызда бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Алардын катарында Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу. Көпүрөнүн курулушунан үнөмдөлгөн акча каражатына Курманжан-Датка аймактык кеңеши менен Туран аймагын бириктирген көпүрөнүн курулушун бүтүрүп пайдаланууга бердик. Бул көпүрөнүн курлуш иштеринен дагы үнөмдөлгөн каражатка үчүнчү көпүрө курулат. Учурда Сай-Бою көчөсү аркылуу Б.Нурматов көчөсүнөн А.Навои паркынын тушундагы Ы.Монуев көчөсүнө чейин 2,5 км вело жол жана Сай-Бою көчөсүнөн спорт комитетинин алды менен Ленин көчөсүнө чыгуучу 350 метр жолду куруу боюнча 87,0 млн сомго смета түзүлүп, тендерге берилген. Тендердин жыйынтыгы менен 9 ишкана катышып, сатып алуу мыйзамынын негизинде «Амантур-Строй Сервис» жоопкерчилиги чектелген коому 45,8 млн сомго утуп алды. Жакынкы күндөрү келишим түзүлүп жумуш башталат. Ал эми Тилеке-Баатыр көчөсүнөн Сай-Бою көчөсүнө өтүүчү көпүрөнүн курулуш мантаждоо иштери үчүн 40,0 млн сомго тендер жарыяланып, жыйынтыгы 10-октябрда чыгат. Көпүрөнүн узундугу 48 метр, туурасы 14 метр, тротуар эки тарабынан 2,5 метрден. Мындан сырткары, Ак-Буура дарыясынын ортосуна көргөзмө аянтчасын куруу (подиум) иштери үнөмдөлгөн акча каражатка байланыштуу болот. Эгер мындай болбогон шартта бул долбоор Ош шаарынын мэриясынын келечектеги стратегиялык планынын алкагында аталган көргөзмө аянтчасы  кийинки жылдары курулат”,-деп билдирди калаа башчысы.
 Шаар мэринин тургундар менен жолугушуусу мындан ары башка аймактык кеңештерде уланат.
   Ризван Исмаилова, Ош облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.