Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Мас кыздын айынан жол кырсыгы катталды

Аймак
09 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
367
Ош шаарында таксиге отурган мас кыздардын бири унаанын рулун буруп жиберип, кырсыкка учурашты. Окуя 5-февралда таңга маал болгон.
Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, жеке таксист катары кызмат көрсөткөн 40 жаштагы К.М. «Ниссан-Примера» үлгүсүндѳгү унаасы менен кардарлары айткан дарекке бара жаткан. Орто жолдон айдоочунун жанында отурган 22 жаштагы кыз рулду оң тарапка тартып жиберген. Андан улам айдоочу башкарууну жоготуп, жолдун оң тарабындагы жол чыракты сүзүп, сол капталы менен жолдун четинде орнотулган цемент бордюрду сүзүп токтогон. Анын кесепетинен жүргүнчү 3 кыз денелеринен жаракат алып, Ош шаардык ооруканасына кайрылышкан. Учурда бул фактыны териштирүү иштери жүрүп жатат.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.