Курс НБ на 15.12.2017 $69,7475 €82,1835

Мамлекеттик кызматкерлердин 52 пайызы гана үйлөрүн камсыздандырган (фоторепортаж)

Аймак
04 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
23
Ага аймактык кеңештердин төрага, төрайымдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, жогорку жана орто окуу жайларынын кызматкерлери катышты. Биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров Ош шаарында жайгашкан мекеме-ишканаларында эмгектенген кызматкерлердин жалпы саны 14 495 кызматкерди түзсө, алардын ичинен 2017-жылдын 1-декабрына карата турак жайларын камсыздандыруу полистерин алгандардын саны 7537 кызматкер экендигин белгилеп өттү.
-“Маалымат катары белгилей кетсем, Ош шаарында бүгүнкү күндө болжол менен 57 миң турак жайлар бар болсо, анын ичинен  КРнын мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош шаарынын филиалы тарабынан ушул жылдын октябрь айына берген маалыматына ылайык жалпы 3591 турак жайлары камсыздандыруу полисин алгандыгы, б.а. 6,0  пайызды гана түзөөрү аныкталган. Андыктан аймактык кеңештин төрагалары шаардыктарга түшүндүрүү иштерин күчөтүп, мекеме-ишканалардын жетекчилери да өз кызматкерлерине маалымат жеткиргиле”,- деди З.Аскаров.
 Жыйындын жүрүшүндө каттуу талаптар коюлуп, турак жайларды камсыздандыруу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш-алып баруу тапшырмалары берилди.
Ризван Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу