Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

Мал союучу жайлардын абалы кандай?

Аймак
20 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
946
 Ош шаарынын мэри  Айтмамат Кадырбаев атайын мал союучу жайлардын абалы менен таанышып, рейд жүргүздү. Атайын мал жандыктарын сойгон  пунктардын ишкердиги жана андагы  керектүү норма жана эрежелердин сакталышына көңүл бурду.  Калаа башчысы   мал союуга тиешелүү ар бир кызматтын жетекчилерине тапшырма берип, эң негизгиси  мал  сойгон  жайлардагы керектүү норма  менен эрежелердин  сакталышына  өзгөчө  көңүл  бурууну  ошондой эле  санитардык, экологиялык    жана өрткө каршы  нормалардын так сакталышын талаптады.
         Ош шаардык  ветеринардык жана  фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын начальниги Кумарбек Исаков бүгүнкү күндө Ош шаарында  7 атайын  мал союучу  пунктар иштеп жаткандыгын  айтты. КРнын Өкмөтүнүн токтомдорунун негизинде мал союучу жайлардын абалын текшерүүдөн өткөрүп, талапка  жоооп бербегендерине эскертүү жана  административдик жаза салынып турулат.
         Рейд учурунда  ири мүйүздүү малдардын жана  майда жандыктардын этин кайра иштетип, элге кызмат көрсөтүп жаткан “Келечек” АК (мурдагы Эткобинаты АК) этти кайра иштетүүчү жаңы ишканасы менен таанышышты. Ишкананын директору  Эргешов Мадамин  этти кайра иштеткен өндүрүштүк  ишканада  эт 2  ыкма менен  өнөр-жай өндүрүштүк жана  салттуу-улуттук мүнөздө иштелип  чыгарыларын айтты. Анда ири мүйүздүү малдарды союучу  жана  майда  жандыктарды сойгон   2 технологиялык  линиялар орнотулган. Аларда  санитардык нормалар жана эрежелер  сакталган. Ишкананын жумушчулары үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
 
Ризван Исмаилова, Ош облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.