Курс НБ на 18.11.2017 $69,7468 €82,2140

Майып жубайлар Эльмурат менен Кундузга жардам берүү максатында марафон уюштурулуп, 300миң сомго чукул каражат топтолду (фото)

Аймак
13 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
20
КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаевдин демилгеси жана колдоосу менен Баткен шаарында жашаган майып жубайлар Элмурат менен Кундузга  көмөк көрсөтүү максатында марафон уюштурулду.
Марафонго катышкан облус башчысы Абиш Халмурзаев жеке өзүнүн атынан жана резервдик фондунан акчалай жардам көрсөттү.
Кайрымдуулук марафонуна облус аймагындагы мекеме ишканалар, кайрымдуу инсандар салым кошуп, жыйынтыгында 293 миң 577 сом каражат топтолду.
Эми бул каражатты жубайлар курулушу толук бүтө элек үйлөрүн бүткөрүүгө жана турмуш тиричиликке колдонуучу эмеректерди сатып алууга жумшоону максат кылышууда.
Эльмурат менен Кундуз буга чейин батирде жашап, мамлекеттен алган жөлөк пулдарынын жарымын ижарага төлөп, оор шартта жашап турган.
Алардын мындай тагдырынан кайдыгер карабаган, атын атагысы келбеген кайрымдуу инсан аларга үй куруу үчүн 700 миң сом материалдык жардам көрсөтүп,үйдүн курулушу башталган.  
Эльмурат баса албайт, жубайы Кундуз да бутунан майып. Алардын жашоосун жеңилдетүүгө көмөктөшкөн инсандарга жубайлар терең ыраазычылыктарын билдирип, алдыда жумушка орношуу максаттары бар экенин белгилешет.
Чолпон Бердикулова, Баткен облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу