Курс НБ на 25.04.2018 $68,5725 €83,6722

Майлуу-Суу дарыясынан денеси табылган студент кыздын ата-энеси арыз жазуудан баш тартышты

Аймак
10 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
26
Майлуу-Суу дарыясынан жансыз денеси табылган 21 жаштагы М.А Майлуу-Суу шаарындагы медициналык колледждин 3-курсунда окуп жаткан.
Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, студент кыз 8-апрель күнү кечки саат 17:00 чамасында курбулары менен жашаган батирден чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
«Бирге жашаган курбуларынын айтууларында. кыз кайда бараарын айтпастан сыртка чыгып кеткен. 9-апрель күнү кыздын ата-энеси милицияга кайрылган. Майлуу-Суу ШИИБдин кылмыш каттоо китепчесине дайынсыз жоголуу фактысы менен катталып, издөө жүргүзүлгөн. Ошол эле күнү милицияга дарыяда жансыз дене жатканы боюнча маалымат түшкөн. Айтылган дарекке ыкчам топ барган тапта көпүрөдөн 300 метр ылдыйда турган жансыз дене суунун ортосунда туруп калгандыктан, куткаруучулар чакыртылган. Табылган дененин сырткы келбетинде жарааттар болгон эмес. Кыздын ата-энеси соттук медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан жана арыз доосу жоктугун билдиришкен», - деп билдиришти ОИИБдин басма сөз кызматынан.
Учурда бул окуя боюнча териштирүү иши жүрүп жатат.
Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы Майлуу-Суу дарыясынан жаш кыздын жансыз денеси табылгандыгын маалымдаган.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу