Курс НБ на 28.01.2020 $69,8500 €76,9712

Маданият кыргыз-өзбек элин бириктирүүдө

Аймак
13 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
380
Ош шаарында 9-февралда Алишер Навоинин 576 жылдыгы белгиленди.  Салтанаттуу аземге Ош шаардык маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун, өзбек улуттук маданий борборунун, З.Бабур атындагы  Ош өзбек академиялык драма театрынын, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын, Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониянын артисттери, шаардагы А.Навои, Т.Шевченко жана В.Ленин атындагы орто мектептеринин окуучулар жана мугалимдер жамааттары, шаардык коомчулуктун жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлчүлүктөрү катышты.
Иш-чара алкагында, Кыргыз эл жазуучусу А. Токомбаевдин  Алишер Навои жөнүндө жазган ыры өзбек тилинде жаңырып, улуу акындын ырлары кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде  окулуп, аземдин катышуучуларынын купулуна толуп, алардын улуттук толеранттуулук сезимдерин ойготту.
      Ош шаарынын маданият кызматкерлеринен турган делегация 2017-жылдын 1-5 февралында Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында болуп кайтты. Делегациянын курамында Ош шаарынын маданият башкармалыгынын башчысы Т.Досбаев жетектеген З.Бабур атындагы Ош өзбек академиялык драма театрынын башчысы Н.Мамаджанов, аталган театрдын башкы режиссеру З.Шакиров жана  администратору Д. Ишановдор болушту.
Оштук делегация  Ташкенттеги “Өзбек театр”  чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин директору жана аталган бирикменин чыгармачыл коллективи менен  жолугушуп,  мындан ары өз ара тыгыз кызматташуу боюнча кеңири пикир бөлүштү. Жолугушуу алкагында, “Өзбек театр”  чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинде З.Бабур атындагы Ош өзбек академиялык драма театрынын артисттеринин күчү менен “Бабур” спектаклин театрдын сахнасында коюп, бет ачары 15-20-апрелге белгиленди. Бул спектаклдин чыгымдарын  өзбек тарап каржылай тургандыгы белгиленди.
Андан соң, кыргызстандык маданият кызматкерлеринин делегациясын  Өзбек Республикасынын маданият жана спорт министри Боходир Ахмедов кабыл алып, иш-чара алкагында З.Бабур атындагы Ош өзбек академиялык драма театрынын 12 артисин, техникалык адистерин тажрыйба алмашуу  жана алардын кесипкөйлүгүн көтөрүү үчүн Ташкент шаарында 1 айлык окуу курсун уюштуруу боюнча протоколдук чечим кабыл алгандыгын билдирди.
Иш-чаралардын соңунда, оштук делегация мүчөлөрүн Өзбек Республикасынын вице-премьер-министри Адхам Икрамов кабыл алуусунда болушуп, жолугушуу учурунда З.Бабур атындагы Ош өзбек академиялык драма театрынын артисттеринин драматург Жалил Садыковдун “Айкөл Манас” спектаклин Өзбекстандын Анжиян, Наманган жана Фергана  облустарына 2017-жылдын 10-17-февралында бет ачарын өткөрүү чечими кабыл алынды. Кыргызстандык артисттердин гостролдук чыгымдарын өзбек тарап каржылай тургандыгы аныкталды.
 10-февралда Ош шаарынан Жалил Садыковдун “Айкөл Манас” спектакли менен З.Бабур атындагы Ош өзбек академиялык драма театрынын артисттери  Өзбекстандын Анжиян шаарына гастролго жөнөп кетти.
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.